Бишкектеги "Ош базарында" коронавирус катталды. Базар дезинфекциялоо үчүн жабылышы мүмкүн
Бишкектеги "Ош базарында" коронавирус инфекциясы катталды. Буга байланыштуу жакынкы күндөрү базар дезинфекциялоо үчүн жабылышы мүмкүн. Бул тууралуу борбор шаардын вице-мэри Азиз Алымкулов онлайн брифинг учурунда айтты.
"Буга чейин 10-июндан 13-июнга чейин "Орто-Сай" базары дезинфекциялоо үчүн жабылган. Бишкек шаарынын башка базарларынан дагы оору чыгып жатат. Анын ичинде "Ош базарында" дагы чыкты. Аз күндө "Ош базары" боюнча дагы маселе көтөрүлөт. Азыркы күндө базар качан жабылары чечилип жатат", - деди вице-мэр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.