super.kg logo

Кубатбек Боронов: "Күз, кыш мезгилдерине жакшы даярдануу зарыл, ал маалда ооругандардын саны өсүшү ыктымал"

 

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов күз, кыш мезгилдеринде коронавирус менен ооругандардын саны өсүшү мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу ал республикалык ыкчам штабдын жыйынында кабарлады.

Жыйында Боронов COVID-19 инфекциясы жайылган учурда ишинде кемчилик кетирген жооптуу адамдарга карата тиешелүү чаралар көрүлөрүн эскертти.

"Силердин ар бириңердин ишиңерден, жоопкерчиликтүү мамилеңерден, коюлган милдеттерди жогорку деңгээлде ишке ашыруудан, аларды аткарууну көзөмөлдөөдөн жарандарыбыздын саламаттыгы жана өмүрү көз каранды. Дагы бир ирет кайталайм, ишиңерде эч кандай калпыстыктар жана кемчиликтер болбоого тийиш. Бир түзүмдүн жетишсиз аткарган иши башка ведомстволордун ишинин көлөмүн арттырууга таасирин тийгизет. Бирок эң кооптуусу – ооруга кабылгандардын санынын көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн. COVID-19 жайылган учурда ишинде кемчилик кетирген жооптуу адамдарга тиешелүү чаралар көрүлөт. Күз, кыш мезгилдерине жакшы даярдануу зарыл, ал маалда ооругандардын саны өсүшү ыктымал", - деди ал.

Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдары коомдук жайларда санитардык эрежелерди сактоону көзөмөлдөп, коомдук унааларга жана таксилерге өзгөчө көңүл буруу керектиги айтылды.

"Коомдук жайларда, соода аянттарында, коомдук унааларда жана таксилерде санитардык талаптардын сакталышына туруктуу көзөмөл болууга тийиш. Муну менен катар таксилерди жана коомдук тамактануу жайларын дезинфекциялоо шарт. Мендеги маалымат боюнча кафелерге келген адамдардын ортосунда аралык сакталбай жатат, ал эми такси айдоочулары бет кап тагынбай жатышат", - дейт Боронов.

Жыйындын жүрүшүндө "Чалдыбар автожол" өткөрмө жайынын иши, калкты сасык тумоого каршы эмдөө, медицина кызматкерлеринин потенциалын арттыруу, ошондой эле саламаттыкты сактоо мекемелеринде инфекциялык көзөмөлдү күчөтүү маселелери талкууланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: