super.kg logo

"20 миллион сом зыян". Финпол Бишкек-Ош унаа жолу мамлекеттик дирекциясынын жооптуу кызматкерлерин кармады

 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы аныкталган коррупциялык схеманын негизинде Транспорт жана жолдор министрлигинин структуралык бөлүмдөрүнүн жоопкерчиликтүү 12 кызматкерин кармады. Бул тууралуу Финполдун маалымат кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, кармалгандардын арасында Бишкек-Ош унаа жолу мамлекеттик дирекциясынын башчысы Ж.Б., "Сосновка" тоннелдик постунун башчысы Ж.К. жана Кара-Көл тоннелдик постунун башчысы К.С. дагы бар. Аларды Финполиция кечээ, 10-июнда кармаган.

"Жалпысынын министрликтин бөлүмдөрүндөгү жоопкерчиликтүү кызматтарда иштеген 12 кызматкер кармалды. Алдын ала эсеп боюнча келтирилген чыгым 20 миллион сомду түзөт.

Азыркы учурда тергөөнүн алкагында бул коррупциялык схемага аталган министрликтин жогорку кызматта тургандарынын тиешеси бар же жок экендиги териштирилүүдө. Ошондой эле ага жергиликтүү башкармалыктардын жана башка түзүмдөрдүн кызматкерлеринин катыштыгы бар же жок экендиги аныкталат", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
11.06.2020. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кармап жатканынар эң жакшы жегендерин 2 эселеп кустуруш керек. Бирок кармалды,деп эле жыйынтыгы жок болуп жаткандай. Менин жеке пикиримде, камабастан ар бир кармалган чиновникти 2 эселетип төлөтүп,анан өмүр бою мамлекеттик кызматта иштетпеш керек, деген ойдомун. Ошондо 100000 жегендер 200000 төлөшөт 200000 жегендер 400000 толошсо сырткы карыздан кутулганга чооң жеңилдик болоор беле. Камап аларды багып, мамлекет расход кылбастан пайда жагына иштешсе дээр элем
Krai түзөттү 2020-06-11 15:56:07
11.06.2020. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
20-жылдан бери эми байкап калышкан го,ар жылга миллиондон бөлүштүрүп коюшкан турбайбы.миллардаган акчалар жок болбодубу....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: