super.kg logo

1 миллион 600 миң сомду алып, изин жашырып кеткен. Бишкекте 19 жаштагы кыз алдамчылыкка шектелип кармалды

 

Бишкекте 19 жаштагы кыз алдамчылыкка шектелип кармалды. Ал белгисиз жарандын ишенимине кирип, 1 миллион 615 миң 900 сомун алып, изин жашырып кеткен. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, 8-июнь күнү жабырлануучу аял милиция кызматкерлерине жардам сурап кайрылган. Анда бир кыз менен бир бала өздөрүн "Форекс" биржалык компаниясынын кызматкерлерибиз деп тааныштырып, жабырлануучуга акча каражатынан пайда табууну убадалашкан.

"Компания кызматкерибиз деген жарандар жабырлануучуга акча каражатынан 40-50 пайыз киреше табууга мүмкүн экенин айтышып, терминал аркылуу 1 миллион 615 миң 900 сом алып, изин жашырып кетишкен. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене (алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ыкчам тергө иштеринин жүрүшүндө шектүү делинген 2001-жылы туулган А.Б. аттуу кыз кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми окуя болгон учурда шектүү менен бирге жүргөн жигит Т.М. экени белгилүү болду. Ал иштен күбө катары өтүп жатат, тергөө иштеринин жыйынтыгына ылайык анын иш-аракетине юридикалык баа берилет.

Биринчи Май райондук соту 11-июнда 19 жаштагы кызга карата СИЗО-1ге 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды. Учурда шектүүнүн мындан башка дагы кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо боюнча амалдар жүргүзүлүүдө", - дешти маалымат кызматынан.

Эгерде сүрөттөгү жарандан жабыркагандар болсо же ал тууралуу кошумча маалымат билгендер болсо, төмөнкү номерлерге байланышып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш номерлери: 0 (312) 56-32-48, 0(550) 10-23-60, 0(501) 10-21-02, 0(706) 10- 21-02), 0(707) 71-71-14) же 102.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
12.06.2020. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бетин жаап койсо ким тааныйт
12.06.2020. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
19 жашында элдерди алдап акчасын алса,келечеги кандай болоор экен.Алданган аялда кызык экен.
12.06.2020. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
rola,булардын устундо накта карышкырлар турат
12.06.2020. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жыгылсан нардан жыгыл буйласын кармай жыгыл.
12.06.2020. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушундай кичинекей малыштарга Ким ошончо акчаны ишенет, тушунбоймун
12.06.2020. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
молодец саясатчы болчуу кыз экен
12.06.2020. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азыркы адамдарда напси жок да, алдаткан аял да 1 млн 3млн кыла коеюун деген го.
12.06.2020. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бермет деген кыз го
12.06.2020. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай шылуундар коп азыр.Ар кандай компания сунуштап алдагандар.Инстаграммда да бар бироо синдим алданды бирок жакшы 1000с салган Инстаграммдан алдаган Адам 5000с салсан эки кундо 10мин чыгат деген экен синдим менде 1000с эле бар десе анда он мин сом аласыз деп салдырткан.
13.06.2020. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чын айтсаң ишенбейт, калп айтсаң ишенген заман болду го.
Мен миллион эмес 200 миң сом эч кимден ала албай койдум.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: