super.kg logo

Чаламандын чак түшүндө Бишкектеги банктын кассасын тоноп кетишти. Шектүүлөр изделүүдө (видео)

 

Бишкекте чак түштө белгисиз жарандар банктардын бирине кирип, кызматкерлерди курал менен коркутуп, кассасын тоноп жаткан видео интернет тармагына жарыяланды.

Бул боюнча Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан окуя кечээ, 12-июнда болгонун кабарлашты.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө саат 13:20 чамасында билдирүү келип түшкөн. Анда борбор калаадагы Манас кең көчөсү менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишиндеги банкта тоноо болуп жатканы айтылган.

"Жерине ыкчам тергөө тобу барышып, алгачкы маалыматтарды топтошкон. Ага ылайык, бет кап тагынган эки белгисиз киши банктын имаратына куралчан киришкен. Алар банктын күзөт кызматчысына кол салып, кассадагы акчаны алып чыгып кетишкен. Банктын кызматкерлеринин бири "тревога" баскычын басканга үлгүрүп, 13 мүнөттөн кийин "Аякс" күзөт агенттигинин кызматкерлери келишкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене (каракчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, келтирилген зыяндын суммасы эсептелүүдө.

Учурда ШИИББинин жана Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери тарабынан ыкчам топ түзүлүп, шектүүлөрдү аныктап, табуу иштери жүргүзүлүп жатат", - деди мекеменин басма сөз катчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(19)
13.06.2020. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Уурдалган акчалар кантип аш болот силерге?
13.06.2020. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Медициналык эле бет кап кийип кенебейт го шумдугуң кургурлар, охранниктер эмне дейт жерге отуруп алыптыр го жөн эле!
13.06.2020. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Сонун болуптур да, банктар элдерди кыйнап проценти көбөйтүп атышса, а мамлекетке п, карантин кылып элди ач калтырса, кирет да. Дагы ошенте берсе өлкөдө точно каша и беспредел вообще күчөйт, ошондо сокеге п болот.
13.06.2020. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Уурдашы урдаптыр перчатки кийип кичине даярданышпаптырда тем более азыр перчатки кийген адамдарга эч Ким деле конул бурбайт болчу
13.06.2020. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Жашоодон кечкен зөөкүрлөр окшойт да
13.06.2020. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Каракчылардын ишине ийгилик,алдыда дагы чоң чоң банктарды ийгиликтүү тоноп алгыла!
13.06.2020. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Кинодогудай го
13.06.2020. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Главное ден соолукка зыян келтирбей тоносо мейли.молодцы.
13.06.2020. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эртеби кечпи баарибир кармалышып жазасын алышат?
13.06.2020. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Везде оставили отпечатки пальцев рук.
Samash-87 түзөттү 2020-06-13 19:30:40
13.06.2020. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Кедейлер эч качан Банкты тонобойт , тоной албайт дагы . баягы эле Хулигандар акчага көпкөндөр , артында Крышасы күчтүү тааныштары барлар урдашат. Кедейлер аялын ургандан башка эч нерсеге акылы жэтпейт.
Agayu түзөттү 2020-06-13 19:42:23
13.06.2020. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Өзүнө ишенген акылдуу уурулар экен
13.06.2020. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Ырас болуптур. Мен болгондо бомба менен жардырып жибермекмин. Банктар кооп кетишти
Tyty1990 түзөттү 2020-06-13 20:22:39
13.06.2020. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Маска таккыла дейсиңер,мына масканын пайдасы
13.06.2020. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Ууруну колдогон заман го бул жакта . Бирөөнү сыздаткан ,тез жле сызга отурат.
13.06.2020. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
pero5184,Банктар эле бироолорго ылайыктуу пайыз менен берип,элди ойлоп атыптырбы.
13.06.2020. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Банктар только элдин канын соруп атат
14.06.2020. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Канча акча уурдашыптыр,ошо кызык болуп атат.
14.06.2020. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кимдин кимдин заманы,бул жагы сокенин заманы болуптур!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: