"Мурун да будуң-чаң салып жүргөндөр эле топтолушту". Милиция аялдардын кордолушуна каршыбыз деп акцияга чыккандарды сындады (видеорепортаж)






Бүгүн, 15-июнда Сузактагы зомбулук себепчи болду деген 20га чукул жаран Ак Үйдүн алдында нааразычылык акциясын өткөрүштү. Алар аялдардын кордолушуна каршыбыз деген пикирлерин айтышып, колдоруна аялдардын укугуна байланыштуу ар кандай жазуулар бар плакаттарды көтөрүп турушту. Чогулгандар Сузакта күйөөсү аялынын моюнуна дөңгөлөк, таш артып алып, суу чачкан окуяга жана буга чейин 13 жашар кызды зордуктаган делген адамды сот эркиндикке чыгарды деген окуяга каршы ойлорун билдирип, бийликке талаптарын айтып жатышты.
Акцияга катышкандардын бири Рейна Асанова. Ал "Бишкекте жашайбыз, Сузакта болгон окуя бизди кабатырлантып, ушул жакка нааразы болуп чыгууга түрткү болду. Бирок бул жакта дагы биздин укугубуз бузулуп, милиция кызматкерлери акциянын катышуучуларын кууп таратуу аракетин көрүп жатат, бул акыйкатсыздык. Эмне үчүн алар бизди душман көрүшөт, аныгында алардын душманы биз эмес, бийликте отургандар", - дейт.
Биз андан чогулгандар тууралуу сурасак, Асанова чогулгандар ар кайсы тармактагы адамдар экенин, алардын феминисттик кыймылга тиешеси жок экенин айтты.
Акциянын катышуучулары 1 жарым метр аралыкты сактоо менен акцияны өткөрүп жатышканын билдиришти. Милиция тараптан аларды таратуу аракеттери көрүлдү. Мындан улам милиция кызматкерлери менен акциянын катышуучуларынын ортосунда пикир келишпестик орун алды.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Эрлан Атантаев аларды тынчтандырууга аракет кылды. Бирок нааразы болгон тарап үнүн баскан жок.
ИИМдин өкүлү акцияга чыккандар феминисттик кыймылдын мүчөлөрү экенин айтты.
"Пандемия шартында чогулуп, акция өткөрүүгө тыюу салынат. Булар жөн гана шылтоо кылып жатышат, бир окуя менен бардык эркектерди күнөөлөө туура эмес. Ушундай окуяларга биз чараларды көрүп жатканыбызга карабай, булар провокация кылып жатышат.
Ооба, кечээ Сузакта болгон окуя айбанчылык, акмакчылык. Аны баарыбыз билебиз, бирок баарын күнөөлөө туура эмес. Элге түз, акыйкат айтышыбыз керек. Биз зомбулукту болтурбайын десек да болуп жатат. Ага карабай чараларды көрүп жатабыз.
Ал эми бул жактагы акциянын катышуучулары мурун, кийин митингге чыгып жүргөн феминисттик кыймылдын өкүлдөрү. Биз алардын ар бирин өзүнчө тааныйбыз. Башкалар болсо ата, апаларды башка дагы жаштарды көрмөкпүз, бирок андай эмес. Мурун да будуң-чаң салып жүргөндөр эле топтолушту. Тараталы десек өзүңүздөр көргөндөй, туура эмес түшүнүп жатышат", - деп билдирди Атантаев.
Акциянын катышуучулары Ак Үйдүн алдында бир саатка чукул убакыт туруп, андан кийин тарап кетишти.
12-июнда Фейсбук тармагына эркек кишинин аялды жазалап жаткандагы видеосу тараган. Кийинчерээк, окуя 8-июнь күнү Сузак районундагы айылдардын биринде орун алганы облустук ички иштер бөлүмү тарабынан белгилүү болгон. Анда 51 жаштагы Б.З. үйүндө 47 жаштагы М.Д. аттуу аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачкан. Окуя боюнча М.Д. 11-июнь күнү Сузак РИИБине арызданган. Бул окуя Сузак РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси "үй-бүлөдөгү зомбулук" менен катталып, тиешелүү материалдар топтолгон соң Жазык кодексинин 144-беренеси (уруп-согуп кыйноо) болуп өзгөртүлгөн. Күйөөсү 11-июнда саат 18:00 чамасында Сузак РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми жубайы жолдошун бошотууну өтүнгөн.
Ал эми бүгүн акцияда айтылган 13 жаштагы секелекти зордуктоого шектелген 22 жаштагы жарандын акталганы тууралуу Жогорку Кеңештин 4-июндагы сессиясында депутат Айсулуу Мамашова айтып чыккан.
Андан кийин актоо тууралуу чечим чыгарган Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулун кызматтан кетирүү боюнча онлайн кол топтолуп, ал петицияга төрт миңден ашуун киши кол койгон.
Жогорку Сот бул кылмыш иши боюнча айыпталуучу үй камагында экенин билдирип, Биринчи Май райондук соту "кылмыштын курамы жок" деген негизде шектүүнү актаган деген маалымат тараткан. Азыр прокуратуранын кассациялык арызынын негизинде кылмыш иши Жогорку Соттун өндүрүшүндө турат.
“Сузактагы зомбулук себепчи болду”. Ак үйдүн алдында митинг өттү






1 |