super.kg logo

"Унаасын алдап айдап кеткен". Сокулукта алдамчылыкка шектелип жаткан жаран кармалды

 

Сокулукта алдамчылыкка шектелип жаткан 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук райондук милициясына 27 жаштагы М.А. аттуу жаран автоунаасын алдап айдап кеткен жаранды издөөгө көмөктөшүү арызы менен кайрылганы айтылат.

"Ушул жылдын март айында М.А. өзүнүн Фольксваген Пассат унаасын чала таанышына сатмакчы болот. Өз кезегинде таанышы унаа ээсинин ишеничине кирип, акчаны бербей туруп айдап кеткен бойдон келген эмес. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "алдамчылык" беренеси менен катталган. Ыкчам иликтөө аракеттеринин натыйжасында бул ишке шектелип 27 жаштагы Б.С. аттуу Сокулук районунун тургуну кармалды", - деп жазылат маалыматта.

Учурда шектүүнүн аракетинен жабыркашы мүмкүн болгон дагы башка жарандар такталып жатканы маалымдалат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: