super.kg logo

Бишкектеги наабайканадан чыккан өрттөн каза болгон жарандын аты-жөнү тактала элек

 

Бишкек шаарындагы Сухэ Батор-Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан наабайканадан чыккан өрттүн кесепетинен бир адам каза болгон. Маркумдун аты-жөнүн, туулган жылын жана жынысын тактоо иштери жүргүзүлүп жатканын ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, наабайканадан чыккан өрт жакын жайгашкан дарыкана, дүкөн жана кафеге өтүп толугу менен күйгөн. Өрттүн кесепетинен болжол менен 450 чарчы метр аянт жер күйгөн.

Өрт өчүрүүгө жалпы 6 бөлүм жана 1 ыкчам топ тартылган. Мындан сырткары ИИМден 5 экипаж, шаардык газ кызматынан 1 бригада жана РЭТ мекемесинен 1 бригада тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 16:45те чектөөгө алынып, саат 19:51де толук өчүрүлгөн. Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда деп кошумчалашты мекеменин маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: