super.kg logo

Чүйдө айдоочуну тапанча менен коркутуп, талга байлап, унаасын айдап качып кеткен топтун мүчөлөрү кармалды

 

Чүй облусунун Токмок шаарынан каракчылык кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү колго түшүрүлдү. Алар такси кызматын атайын чакырып, жолдон айдоочуну тапанча менен коркутуп, унаасын айдап кетишкен. Маалыматты ИИМдин басма сөз өкүлү билдирди.

"Окуя 30-майда түнкү саат 01:00 чамасында орун алган. Анда шектүүлөр Бишкек шаарында жүрүп, такси чакырып, айдоочуга Аламүдүн районундагы Башкара-Суу айылына чейин жеткирип коюусун айтышкан. Аталган айылга жеткенде жүргүнчүлөр айдоочуну тапанча менен коркутуп, сабап, акчасын жана уюлдук телефонун тартып алышкан. Андан кийин жүргүнчүлөр айдоочуну талга байлап, Тойота Авенсис унаасын айдап качып кетишкен.

Эртеси күнү жөө адам талга байланып турган айдоочуну көрүп бошоткон. Жабырлануучу Аламүдүн РИИБине арыз менен кайрылып, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене (каракчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
16.06.2020. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Не болду Эми, шумшуйуп. Эле калыпсынарго. Коркутуп тоноп атканда Тим эле Аманда тушуруп ийчуудой акшындап озунорду баатыр сезген болушунар керек.жапжаш экенсинер тогда.тепсе темирди узчудой кучунор бар. АК эмгек мандай тер менен эле тричилик кылса болбойбу
16.06.2020. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушуларды ата- энеси контрольдоп кайда жүрдүң эмне кылдың дешпейби түнү менен үйдө жок болсо! Күнөө ата - энесинде тарбия жоктугунан ушундай жолго барышат,болбосо жумушсуздар толтура Кыргызстанда, жумуш жоктугунан ушундай жолго барышат дейин десек!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: