11 күн болду. Нарында балык уулоого кеткен эки кишини издөө иштери дагы деле улантылууда
Нарын облусунун Жумгал районунда балык уулоого кеткен 2 кишини издөө иштери дагы деле улантылууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жумгал районунда 5-июнь күнү Миң-Куш айылынын 1978-жылы туулган жана 1977-жылы туулган тургундары Өрнөк айылында жайгашкан Көкөмерен дарыясына балык кармоого кеткен. Алар ошол күндөн бери дайынсыз болуп изделүүдө. Издөө иштери күн сайын жүргүзүлүп жатканын аталган мекемеден кабарлашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.