super.kg logo

Бишкекте көчөдөн адамды коркутуп 7 миң долларын алып койгонго шектүүлөр кармалды

 

Бишкекте жаранды коркутуп 7 миң долларын алып койгонго шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарланды.

Ага ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБне Бишкек шаарынын Б.А. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн арызына 2017-жылдын март айында Бишкек шаарындагы Сүйөркулов жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде чала тааныш адамдар коркутуу менен күч колдонуп 7 миң доллар акчасын алып коюшканын жазган. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын ошол маалдагы курсу боюнча 7 миң доллар 484 миң 820 сомду түзгөн.

"Айтылган факты Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин "опузалап акча талап кылуу" беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган. Кылмышка шектүү катары 31 жаштагы М.А. жана жашы ал менен тең Б.Б. аттуу Ысык-Көл облусунун тургундары кармалышкан. Алар уюшулган кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары каттоодо турат. Кармалгандар Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына камалган, учурда алардын башка кылмыштарга тиешесин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.06.2020. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Постанова.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: