super.kg logo
  Саясат  

Барак Обама Орусияда өткөн G20 саммитинде желим стакан менен чай ичип отурду

 
Колуна стакан кармаган Обама Германиянын канцлери Ангела Меркель жана Франциянын президенти Франсуа Олланд менен жылуу маанайда сүйлөшүп турду
Маанилүү жыйынга стакан көтөрүп келген Обамага эч ким эскертүү берген жок
Маанилүү жыйынга стакан көтөрүп келген Обамага эч ким эскертүү берген жок
Путин дүйнөлүк көйгөй боюнча сөз кылып жатканда Обама минтип чай ичүү менен алек болду
Обама жыйын өтчү жайга Орусия тараптын унаасы менен эмес америкалык номур тагылган Cadillac менен келди

6-сентябрда Санкт-Петербург шаарында өткөн G20 саммитинин экинчи күнүндө АКШнын президенти Барак Обама өзгөчө жоругу менен кесиптештерин таңдантты. Жыйынга Обама колуна желим стакан кармаган калыбында келди. Анын чай ичип жатканын идиштин сыртындагы чай (tеа) деген жазуу ырастаганын Орусиялык ММКлар жарыялашты. Обама бул жоругу үчүн тартынган жок, Германиянын канцлери Ангела Меркель жана Франциянын президенти Франсуа Олланд менен жылуу маанайда сүйлөшүп туруп, колуна стакан кармаган бойдон ири 20 өлкөнүн башчылары катышкан жыйынга кирди.  

Америка президентине эч ким эскертүү берген жок. Владимир Путин талкуулана турган дүйнөлүк экономиканын көйгөйлөрү тууралуу кыскача маалымат бергиче Обама стакандагы чайды ичип түгөттү.  Жалпы сүрөткө түшүү үчүн залдан чыкканда анын колу бош чыкты. 

Кошумчалай кетсек, Обама башка кесиптештериндей болуп жыйын өтчү жайга Орусия тараптын Лимузини менен эмес, америкалык номур тагылган Cadillac менен келди. Костюмунун жакасында саммиттин атайын төш белгиси эмес, АКШнын мамлекеттик желеги түшүрүлгөн төш белги болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: