super.kg logo

"Өзү мас, колунда бычак менен аял". Бишкек шаардык милициясы бычак менен аялды коркутуп жатат делген адамды кармады

 

Бишкекте мас абалда бычак кармап жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, кечээ, 17-июнда милициянын нөөмөт бөлүмүнө саат 19:50 чамасында Бишкектеги Ден Сяопин көчөсүндөгү мекеменин ичинде бычак кармаган адам элди коркутуп жаткандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке тергөө-ыкчам тобу жана патрулдук милиция барган.

"Милиция кызматкерлери мекеменин ичине кирген учурда мас абалдагы адам колуна бычак кармап, аны ары-бери серпип элди коркутуп жүргөн. Мындан тышкары бир аялды кармап алып жанына эч кимди жолотпой жаткан. Биринчи Май РИИБинин 5-бөлүмүнүн башчысы Эркин Жаанбаев ал менен сүйлөшүү аракеттерин көрүп, бычакты таштап, өз ыктыяры менен колго түшүүнү түшүндүргөн. Бирок мас адам баш тарткан.

Эркин Жаанбаев бул адам кармап турган аялды куткаруу биринчи орунда экендигин эске алуу менен мас киши менен кармашып, кармашуунун техникаларын пайдаланып аны куралсыздандырган. Андан кийин ал кармалып Биринчи Май РИИБине жеткирилген", - деп жазылат маалыматта.

РИИБнен мас адамдын аты-жөнү аныкталган. Ал 1984-жылы туулган С.К. Ал эми аялга "Тез жардам" кызматы чакыртылып Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жөнөтүлүп, ал жактан медициналык жардам алган. Окуя РИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
18.06.2020. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кармашуунун техникаларын пайдаланып де))
19.06.2020. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
taalay25,
19.06.2020. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Киного
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: