Ош шаарында каналга түшүп кеткен 42 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды
Ош шаарында каналга түшүп кеткен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Маркум 17-июнь күнү саат 10:46да шаардагы Увам каналына түшүп кеткенин ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Нөөмөт бөлүмгө кабарланган билдирүүгө ылайык, каналдагы сууга 1978-жылы туулган эркек киши түшүп кеткен. Издөө иштерин жүргүзүүгө Ош шаардык башкармалыгынын куткаруучулары тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти", - дешти мекеменин басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.