super.kg logo
  Спорт  

Криштиану Роналду өзүнүн карьерасында биринчи жолу катары менен эки жолу финалдык оюндарда утулуп калды

 

Португалия курамасынын жана италиялык "Ювентус" футболдук клубунун чабуулчусу, дүйнөгө белгилүү футболчу Криштиану Роналду өзүнүн карьерасында катары менен эки жолу финалдык оюндарда утулуп калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, кечээ, 17-июнда Рим шаарындагы "Олимпико" стадионунда Италия Кубогунун финалында "Наполи" командасы "Ювентус" командасы менен кез келди. Оюндун негизги убактысында эсеп саны ачылбай, пенальтилер сериясы болуп, 4:2 эсебинде "Наполи" командасынын жеңиши менен аяктады.

Буга чейин "Ювентус" командасы Италия Суперкубогунда "Лацио" командасына 3:1 эсебинде жеңилип калган.

Муну менен Криштиану Роналду алгачкы жолу өзүнүн карьерасында катары менен эки жолу финалда жеңилди. Ал "Ювентус" командасына 2018-жылы келип кошулган жана команда менен жалпы 83 оюнга катышып, 56 гол жаратканга жетишти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
18.06.2020. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Реал Мадрид те эле ойнош керек болчу да
18.06.2020. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Өте соонун, өтө Кубанычтамын кубокту Наполи жеңип алганына. Кристина инстадагы подписчигтери менен анан тапкан 1 млрд акчасы менен эле мактанып жүрө берсе болот эми.
18.06.2020. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Убакыт өтөт белгилүүлөр да карыйт, күчтөн таят!
19.06.2020. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AdylbekB84,бирок өмүр бою тарыхта аты калат
18.06.2020. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец Роналду. Колдойм сени.
18.06.2020. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
erlan2196, Эжесиге окшоппу?))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: