super.kg logo

"Жолдошу тарабынан барымтага алынып, ооруканага түшкөн аялдын абалы оор. Ал комада жатат" дейт дарыгер

 

Жолдошу тарабынан барымтага алынып, моюнуна бычак такалган аялдын абалы оор, ал комага түшүп калган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмазбек Кубатбеков билдирди.

Дарыгер бейтап борборго оор абалда түшкөнүн, келери менен ага операция жасалганын белгиледи.

"Учурда бейтап жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган. Кан басымы төмөн. Ал моюну жана акырегинин үстү жагынан жаракат алган. Бейтапты бул абалдан чыгаруу үчүн колдон келген аракетибизди жасап жатабыз. Кан басымын нормалдаштыруу үчүн дары-дармек берилип жатат", - деди дарыгер.

Эске сала кетсек, кечээ, 17-июнда Бишкектеги Ден-Сяопин көчөсүндө мас абалындагы жаран аялын барымтага алган. Анда ал аялынын моюнуна бычак такаган. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, жаран Биринчи Май РИИБине жеткирилген. Ал эми жабырлануучу аялга "Тез жардам" кызматы чакыртылып, ал Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
18.06.2020. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Байкуш аялдар байкуштар
19.06.2020. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эки бутту айбандар кобойуп кетти
19.06.2020. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмне деген заман болуп баратат.Эми буларга кандай чара колдоносунар,бир ай камака алып эртен эле бошотуп салбай.Жазалап узак моонотко камагыла.жазасын алсын.
19.06.2020. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кор болдук го аял зат!!
19.06.2020. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Merelisha,Эртереек кайрыл кор болсоң, кеч боло электе
19.06.2020. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эмне эле болуп баратабыз бычак такап кордогон моюнуна дөңгөлөк байлап зулумдук кылмай бойунда барында тепкилемей ушуларга катуу чара көрбөсө бул нерсе салт катары болуп баратат.
19.06.2020. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Теңирчилер дубалап коммент жазбайсынарбы ) көрүнбөй калдыңар)арбир үтүр чекитке жазат элеңер го(
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: