Валерий Кичин "Енисей" командасы менен келишим түздү
Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын оюнчусу Валерий Кичин Орусиянын "Енисей" командасы менен келишим түздү. Бул тууралуу аталган футболдук клубдун расмий сайтына жарыяланды.
27 жаштагы "Ак шумкарлардын" коргоочусу буга чейин "Енисей" клубунда үч жыл ойногон (86 оюн өткөрүп, 6 гол жараткан) жана сезондун жыйынтыгы боюнча, ал күйөрмандар тарабынан команданын мыкты оюнчусу деп табылган.
Валерий Кичин ушул жылдын февраль айында Беларусь өлкөсүнүн "Динамо Минск" командасынан москвалык "Торпедо" командасына кошулган. Май айында "Торпедо" командасы менен түзүлгөн келишим аяктагандан кийин Кичин москвалык клуб менен коштошкон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-07-06
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.