super.kg logo

Бишкекте КамАЗ сүзүп кеткен "Тез жардам" унаасында 4 киши бар экени айтылды (сүрөт)

 

Бүгүн, 18-июнда Бишкек шаарындагы Орозбеков жана Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде КамАЗ менен "Тез жардам" унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен 3 жаран жаракат алганы белгилүү болгон.

Кийинчерээк Бишкек шаардык мэриясынан жүк ташыган унаа "Тез жардам" унаасын сүзүп кеткенин билдиришти. Мекеменин басма сөз кызматынан "Тез жардам" кызматынын унаасында 4 киши болгонун, учурда алар Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жатканын кабарлап, кырсыктын сүрөттөрү менен бөлүштү.

"Аталган бейтапкананын башкы дарыгери Алмазбек Куватбеков "Тез жардамдын" 4 кызматкеринин тең баш мээси чайкалганын, бир фельдшердин абалы оор болуп, жандандыруу бөлүмүндө жатканын айтты. Кырсыктын кесепетинен жаракат алгандардын абалы менен таанышуу үчүн ооруканага "Тез жардам" борборунун башкы дарыгери Искендер Шаяхметов, саламаттыкты сактоо шаардык башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова жана оорукананын бөлүм башчысы Талант Сарымсаков келишти. Бейтаптар зарыл болгон каражаттар менен камсыздалды", - деп айтылат мэриянын маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
18.06.2020. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эртең менен 3 киши деп атпадыңар беле бир киши багажникте бекен кайдан таап кошуп койдуңар
18.06.2020. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Farra16gsin,эртеден бери кошулду да бироо.
18.06.2020. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Дагы бир адамга компенсация керек болсо керектаа
18.06.2020. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
2 фельдшер 1 врач анан водитель. Фельдшердин бироосу менин иним болот. Бул так маалымат.
18.06.2020. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Күнөө кайсы тарапта болду экен аа аябай эле катуу болуптур го. Кудай сактасын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: