Өзү мас, колуна бычак менен аялды кармаган кишинин окуясы: Барымтага алынган аял эсине келбей каза болду
Бишкек шаарында мас абалында колуна бычак кармаган киши аялды барымтага алган окуя жазылган болчу. Кечээ, ал аялдын абалы оорлошуп, комага түшүп калганын Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмазбек Кубатбеков билдирген.
Тилекке каршы, аял алган жаракатын көтөрө албай көз жумду. Маалыматты SUPER.KG порталына Кубатбеков тастыктады.
"Ооба, тилекке каршы, кечээ саат 21:00дөн өтүп каза болуп калды, алган жаракаты оор болчу, абалы оор келген. Ал жасалма дем алдыруучу аппаратта жаткан, эсине келбей көз жумду", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Былжырай бербечи.