super.kg logo

Лейлекте спирт ичимдигин чогуу ичип отурган адамды бычактап өлтүргөнгө шектүү кармалды

 

Лейлекте адамдын моюнуна, денесине бычак сайып өлтүргөнгө шектүү 41 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ага ылйык, 15-июнь күнү Лейлек РИИБне Исфана шаарында белгисиз кишинин каза болгондугу боюнча кабар келип түшөт. Аталган жерге Лейлек РИИБнин жетекчилиги ыкчам тергөө тобу менен барган.

"15-июнь күнү болжол менен саат 16:50 чамасында Исфана шаарынын 41 жаштагы тургуну Ж.Б. тааныштары 49 жаштагы Б.А. жана 41 жаштагы М.Б. болуп үчөө спирт ичимдиктерин ичип отурушкан. Пикир келишпестиктен өз ара айтыша кетишип, 41жаштагы Ж.Б. колундагы бычагы менен 49 жаштагы Б.Анын денесине, моюнуна бычак сайып өлтүрүп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Жогорудагы аталган факты Лейлек РИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Ал эми алынган заттарга соттук-медициналык экспертизалар дайындалды", - деп жазылат анда.

Кылмыштын изи сууй электе Лейлек РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан 41жаштагы Ж.Б. качып жүргөн жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: