super.kg logo

Министр ооруканалардагы шарттын жоктугу медкызматкерлер арасында вирустун жугушун шарттап жатканын айтты

 

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов бүгүн, 22-июнда маалымат брифинги учурунда суроолорго жооп берип жатып, өлкөдөгү ооруканалардын көбүндө шарттар жок экенин айтты. Бул абал дарыгерлер арасында коронавирустун көп жугушун шарттап жатканын белгиледи.

"Күндөн күнгө коронавируска кабылган дарыгерлердин саны көбөйүп жатат, элди дарылоого эч ким калбай калбайбы?" деген суроо берилди. Министр ак халатчандар арасында оору жугузуунун эки себеби бар экенине токтолду. Анын бири дарыгерлер өздөрү эрежелерди сактабагандыктан, экинчиси ооруканадагы шарттардын жоктугу.

"Ооба, алар очоктордо, ооруканаларда бейтаптар менен түзмө-түз байланышып иштеп жатышат. Биздин көп ооруканалар инфраструктура боюнча стандарттарга жооп бербейт. Айрым эски ооруканаларда жуунуучу бөлмөлөр да жок. Биз ак халатчандарга гигиеналык эрежелерди сактоону айтып жатабыз, бирок сакталбай калган учурлар да бар. Биз азыр оору жуктурган ар бир медицина кызматкери боюнча иликтөө жүргүзүп, анын себебин таап, ага карата алгоритмдерди жаңыртып турабыз", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: