super.kg logo

"Орто-Сай" жана "Ош базары" ар дүйшөмбү күндөрү дезинфекцияланып турат

 

Мындан ары "Орто-Сай" жана "Ош базары" санитардык күн катары ар аптанын дүйшөмбү күндөрү дезинфекцияланып турат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган базарларда күн сайын кечинде тазалоо жана дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп жатат. Мындан ары аты аталган базарлар ар дүйшөмбү күндөрү дезинфекциялоо иштери үчүн жабылат.

Буга чейин "Ош базарында" коронавирус инфекциясы катталганы маалымдалган. Буга байланыштуу базар дезинфекциялоо үчүн жабылышы мүмкүн экенин борбор шаардын вице-мэри Азиз Алымкулов онлайн брифинг учурунда билдирген болчу.

Ал эми "Орто-Сай" базары 10-июндан 13-июнга чейин дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү максатында жабылган. Анда бир катар жарандардан кайрылуулар болуп, алар аталган базарга баргандан кийин коронавирус жуктуруп алышканы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: