Жалал-Абад. 704-ички аскерлер бөлүгүнүн 21 жылдык мааракеси белгиленет
Жалал-Абад облусундагы ИИМдин 704 ички аскерлер бөлүгүнө быйыл 21 жыл толду. Аталган аскер бөлүгүнүн командиринин орун басары Калдарбек Эшмуратовдун, айтымында аскер бөлүмүнүн 21 жылдык мааракеси 11-сентябрда белгиленет. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана башкалар катышат. "704-ички аскер бөлүмү 1992-жылдын 7-сентябрында түзүлгөн. Бизде аскерлер ар жылы кабыл алынып, бир жыл кызмат өтөшөт",- дейт Эшмуратов. Ал кошумчалагандай аскер бөлүгүндө жоокерлердин саны аз. Көпчүлүгү келишимдик негизде иштешет.
Автор: Кенже Тынымбек кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:55
2025-07-10

Рейтинг:
0

