super.kg logo

Бишкекте ушул аптанын дем алыш күндөрү коомдук транспорттордун жүрүүсүнө чектөө киргизилет

 

Коронавирус инфекциясы боюнча адистерден кеңеш алуу үчүн иштеп жаткан түз байланыштагы 118 кызматынын Бишкек шаарын тейлей турган операторлору менен мобилдик топторунун саны көбөйтүлдү. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылганын өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Учурда Бишкек шаары боюнча колл-борбордун 14 линиясы жана 40 мобилдик топ иштеп жатат.

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков 118 кызматынын республиканын башка аймактарындагы операторлору менен мобилдик топторун көбөйтүү керектигин белгиледи.

"Жарандарда COVID-19дун белгилери пайда болгон учурда эмне кылуу керектигин түшүндүрүү үчүн кошумча адистерди тартуу керек. Жарандар адистердин кеңешин ыкчам алуусу кажет. Ошондуктан облустардагы колл-борбордун операторлору менен мобилдик топторун көбөйтүү керек. Бишкек шаарында эпидемиологиялык кырдаал начарлап жаткандыгына байланыштуу дагы кошумча линиялар менен мобилдик топторду ишке тартуу зарыл", - деди Алмазбек Баатырбеков.

Штабдын жыйынында ошондой эле Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй менен Ош облустарында коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны көбөйүп жаткандыгына байланыштуу базарлар менен коомдук тамактануучу жайларды жана коомдук транспортту катуу көзөмөлдөө керектиги айтылды.

COVID-19дун мындан ары жайылуусун алдын алуу үчүн Бишкек шаарындагы жана өлкө аймактарындагы базарлар эпидемиологиялык кырдаалга жараша мезгил-мезгили менен дезинфекцияланып турат.

Бишкек шаарында ушул аптанын ишемби (түштөн баштап) жана жекшемби (толугу менен) күндөрү коомдук транспорттордун жүрүүсүнө чектөө киргизилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: