"Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбооруна каршы Ак Үйдүн алдында митинг өттү (видеорепортаж)
Бүгүн, 25-июнда Ак Үйдүн алдында "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбооруна каршы митинг өттү. Нааразычылык акциясына 100дөн ашык адам катышып, долбоордун кабыл алынышына каршы пикирин билдирип жатышты.
Алар "чек араны тактап, бекемдегиле", "сөз эркиндигин буубагыла", "тажадык", "чыныгы мыйзамдарды кабыл алгыла", "уят", "бизге реформа керек" деп кыйкырып жатышты.
Бул мыйзам долбоорун депутаттар Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова демилгелеп, мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылган. Ал эми азыркы тапта социалдык тармактарда бул мыйзам долбоорун артка чакыртып алуу сунушталууда.
Ал эми бүгүнкү митингдин катышуучулары долбоорду демилгелеген депутаттарды мандатын тапшырып берүүсүн талап кылып жатышты.
Буга чейин Жогорку Кеңеште депутаттар тарабынан демилгеленген "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулаган парламенттик угуу өткөн. Угууга катышкан "FactCheck" порталынын редактору, журналист Болот Темиров мыйзам долбоору орусиялык мыйзамдардан көчүрүлүп алынганын айткан.
Акцияга катышкан Болот Темиров "бул мыйзам элге каршы иштеген мыйзам, депутаттар жеке кызыкчылыгын ойлоп жатат" деген пикирин билдирди.
Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова тарабынан демилгеленген "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору 14-майда коомдук талкууга коюлган. Долбоор 17-июнда парламентте биринчи окууда кабыл алынып, ага 102 депутат "макул" десе, 4өө каршы добуш берди.
Каршы добуш бергендердин сап башында депутат Дастан Бекешев да турат. Ал нааразы болгон жарандардын алдына чыгып, топтолгон жарандарга сөз эркиндиги үчүн кайдыгер эмес мамилеси үчүн ыраазычылык билдирди. Айтымында, бул долбоор кабыл алынбашы керек.
"Бул мыйзам долбоору өтө кооптуу, мунун артында ким турарын билбейм. Албетте, мен бул долбоорго каршымын, бул менин жеке чечимим. Жогорку Кеңеште мага бирөө акча төлөгөндөй, буйрукту аткарып жаткандай кабыл алып жатышат", - дейт ал.
Асылбаева интернеттеги сайт же баракчалардын ээлерине жалган маалымат жайылтпоого тыюу салууну сунуштап, ошол эле кезде маалымат анык эместигине карата кантип текшериле турганын көрсөткөн эмес.
Бул мыйзам долбоору бүгүн, 25-июнда парламентте да талашка алынды. Айрым эл өкүлдөрү “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун автору Гүлшат Асылбаева менен кайым айтышууга чейин барышты. Депутат Жанар Акаев: "Сөз эркиндигин эл өзү алып келген, силердин эмгегиңер жок. Бул мыйзам долбоору бизде иштебейт, жөн жаткан элди өзүңөр дарбытып жатасыңар", - деп сынга алды.
Парламент менен коомчулуктун талашуусун жараткан мыйзам долбоору колдоо табабы?
