super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад. Чаткалда малина, кулпунай өстүргөн айым сезон учурунда 8-9 адамды иш менен камсыздайт

 
Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Курулуш айылынын тургуну Гүлжан Таирова дыйканчылык менен алектенет. Анын айтымында, 2000-жылдан бери малина, кулпунай өстүрүп, аны Чаткалдын аймактарына жана Ала-Бука районуна сатып, быйылкы жылы чыгашасынан сырткары 100 миң сомдун тегерегинде киреше тааптыр. Быйыл 12 сотых жерге малина, 34 сотых жерге кулпунай өсүтүргөнүн айтат ал. "Булардан башка да бир катар жер-жемиштерди өстүрөм. Бирок көбүнчө малина, кулпунай менен алектенүүдөмүн. Сезон учурунда 8-9 баланы иш менен камсыз кылып, аларга 3000-3500 сомдон айлык маяна берип турам",- дейт Таирова. Ошондой эле "жергиликтүү жетекчилерге мөмө-жемишти кайра иштетүү үчүн цех ачканга жардам сурап тажабай кайрылып келем. Натыйжа жок жардам беришпейт",- деп кошумчалады. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: