Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алган дарыгер инфаркттан каза болду
Коңшу Өзбекстанда коронавирус инфекциясын жуктуруп алган 52 жаштагы дарыгер инфаркттан каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине таянып, жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, коронавирус жуктуруп алган дарыгер 23-июнда Зангятин райондук жугуштуу оорулар ооруканасына, андан соң Эпидемиология, микробиология жана жугуштуу оорулар илимий изилдөө институтунун клиникасына, курч миокард инфаркты диагнозу менен түшкөн. 26-июнда бейтаптын абалы начарлап, ал жандандыруу бөлүмүнө которулган. Көрсөтүлгөн жардамга карабастан, дарыгер каза болуп калган.
Акыркы маалыматтар боюнча, Өзбекстанда 8 миң 31 адамдан коронавирус аныкталды. 22 адам каза болсо, 5 миң 329 бейтап айыгып чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:24
2025-07-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Asman779

29.06.2020. 13:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
22 го деп турат го
ziash85

29.06.2020. 18:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзбекстандын медицинасы күчтүү окшойт,8000дамдын ичинен 22 адам каза болсо,а бизде болсо 5000 адамдан 50 адам каза болуп атат,өкүнүчтүү
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.