Каржы министринин орун басарынан коронавирус аныкталды
Финансы министринин орун басары Абдыбалы тегин Суеркул коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган министрликтин коомчулук менен байланыштар боюнча секторунун кызматкери Самат Тоялиев билдирди.
Анын айтымында, министрликтин орун басарынын абалы жакшы, учурда үй шартында дарыланууда.
“Биз мекемеге дезинфекция иштерин жүргүздүк. Бардык байланышта болгон адамдар ПЦР-анализин тапшырды. Бүгүнкү күндө коронавируска каршы күрөшүү штабынын сунушун эске алып, кеңседе иштеген адамдардын көбү аралыктан иштөөгө жөнөтүлдү”, - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.