super.kg logo

Кызматтык милдетин аткарып жүргөндө коронавирус жуктуруп алган. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери кайтыш болду

 

30-июнга карата өлкөдө коронавирустан 7 бейтап каза болгону маалымдалган. Анын ичинен 70 жана 46 жаштагы эки аял Ош шаардык клиникалык ооруканасында көз жумган. Каза болгондордун бири Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери, Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча медицина кызматкери Тазабекова Жамал Исмаиловна болгон. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз өкүлү билдирди.

"30-июнь күнү 70 жаш курагында ИИМдин медицина борборунун Ош шаары жана Ош облусунун медицина кызматынын бейтапкана жана дарылоо борборунун ординатор-дарыгери Тазабекова Жамал Исмаиловна каза болду. Ал кызматтык милдетин аткарып жүрүп COVID-19 илдетин жугузуп алган. 22-июнь күнү Ош шаардык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган.

Тазабекова Жамал Исмаиловна 1949-жылы 16-декабрда Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган, улуту кыргыз, үй-бүлөлүү, 2 баланы энеси, жогорку медициналык билимдин ээси.

1982-жылдан тартып ИИМдин медицина борборунун Ош шаары жана Ош облусунун медицина кызматынын бейтапкана жана дарылоо борборунда эмгектенип келген", - деди маалымат катчы.

Азыркы учурда маркумдун сөөгүн санитардык эрежелерди сактоо менен жерге берүү иши уюштурулганын мекемеден кошумчалады.

Ош ОИИБинин өздүк курамы маркумдун жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.06.2020. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акырети аабат болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: