super.kg logo

Кой-Таш окуясы боюнча сот отурумуна 9 жактоочу келбей калды. Алардын ооруп жатканы айтылууда

 

Кой-Таш окуясы боюнча сот жактоочулардын ооруп келбей калгандыгына байланыштуу жылдырылды. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына жактоочу Жаманкул Жунусов билдирди.

"Бүгүн өтө турган процесске мени кошкондо 9 жактоочу барган жокпуз. Ага себеп жактоочулардын көбү ооруп жатыптыр. Биз сот ишин кароону токтото туруу боюнча өткөн отурумда өтүнгөн элек. Анткени ошол учурда эле сот процессинин катышуучуларынын бир тобу сыркоолоп жаткан. Ал өтүнмөдөн баш тартылган. Менин оюмча, Кой-Таш окуясы боюнча ишти деле Азиз Батукаевдин иши сыяктуу тез аранын ичинде жабуу аракети болуп жатат. Негизи кримтөбөл Батукаевдин иши менен Кой-Таш окуясын бир өндүрүшкө кошуп караса деле болмок", - дейт жактоочу.

Ал эми Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан бүгүн, 1-июлга белгиленген Кой-Таш окуясы боюнча процесс жактоочулар З.Жоошев, Н.Токтакунов, У.Индикеев, У.Сейитбеков, Ж.Жунусов, А.Орозакунова, Ж.Бараков, Б.Шамбетов, Р.Шакировдордун келбегендигине байланыштуу жылдырылганын тастыкташты. Кийинки соттук териштирүү 3-июль күнү саат 10:00гө жылдырылганы маалымдалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: