super.kg logo

Жеке ишкер Бишкектеги чайканасын ооруканага айландырууга даяр

 

Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын бөлүм башчысы, жеке ишкер Базарбай Мусабеков 300 орундуу чайканасын COVID-19 пандемиясынын алдын алуу максатында оорукана катары колдонууга берүүгө даяр. Мындай билдирүүнү ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Урматтуу туугандар, өлкөнү каптаган пандемияга каршы күрөшүү максатында, мамлекетибизде имарат жетишпей жаткан болсо, 300 орундуу "Карагат" чайканасын берүүгө даярмын", - деп жазган өз билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, акыркы 10 күн аралыгында Бишкек шаарында коронавирус жуктургандардын саны кескин көбөйүп, ооруканаларда орун жоктугу айтылууда. Ошол эле учурда өкмөт дарылануу үчүн орундуктар жетиштүү экендигине ишендирип келет.

Коронавирус алгач Кытайда катталган учурда тез арада ооруканалар салынган, бул ыкманы башка мамлекеттер да кайталашты. Мындан тышкары оорукана жетишсиз болгон учурда музейлер, спорт комплекстери обсервация, бейтапкана катары пайдаланылган көрүнүштөр башка өлкөлөрдө кездешүүдө.

Кечээ, 30-июнда мурдагы депутат Каныбек Осмоналиев "Урматтуу ресторан ээлери, 3 айга рестораныңыздарды COVID-19га госпиталга айлантпайсыңарбы? Сооп болот" деген чакырык жасаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
01.07.2020. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азамат! Обьездной жакта болгону аябай чоң плюс! Жордой жакта жашагандар кайрылса болчудай. Эми врачтар болгондо...
Аттиң врач болгонумда дароо иштемекмин эпицентрлерде.
01.07.2020. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамлекет озуда больницаларды курушу керек. Пандемия буткондон кийинда элге кызмат кылат. Чайкана, ресторан, гостиница бул убактылуу колдонуучу имараттар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: