super.kg logo

Ырчылар Мирбек Атабеков, Анжелика кычкылтек концентраторун алуу боюнча демилгени колдоп чыгышты

 

Өлкөдө COVID-19 жана пневмония илдеттери менен күрөшүүдө керектелүүчү жабдыктар жетишсиз экендиги буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан маалымдалган.

Жеке ишкерлер жана кайрымдуу жарандар тарабынан зарыл болгон медициналык жабдыктарды, тагыраагы кычкылтек концентраторун алуу демилгеси көтөрүлүп, катарга шоу-бизнес өкүлдөрү дагы кошулду.

Бул демилгенин башында турган жеке ишкер Адылбек Асанов видео кайрылуу жасап, анда 70 даана кычкылтек концентраторун алууга буюртма бергенин, буюрса келе жаткан аптада жабдыктар өлкөгө жеткирилерин айткан.

Бул демилгени колдогондордун бири Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков болду. Ал үй-бүлөсүнүн атынан 2 кычкылтек концентраторун алууга салым кошту.

"Мен демилгени көтөрүп чыккан жигиттерди жакшы тааныйм. Кайрымдуу иштерди жасап, адал иш менен алектенишет. Эгерде өкмөт "ушундай жабдыктарды алабыз, жардам бергиле" десе, анда салым кошпойт болчумун. Анткени ишеним аз. Демилгени баштап чыккандар алгач өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат алууну пландашкан. Тиешелүү жактар менен сүйлөшкөндөн кийин өлкөнүн медицина тармагы кычкылтек концентраторлоруна муктаж экени аныкталып, ошол жабдыкты алууга буюртма беришиптир.

Элдин кыйналып жатканын карап отура бербей, өзүбүз жардам бере албасак дагы башкалардын кайрымдуулук кылуусуна себепчи бололу. Бир эле жабдык канча адамдын өмүрүн сактап калат. Биз кымбат унаа жана башка нерселерге кызыкпай, дени сак улут болууга аракет кылышыбыз керек", - дейт ал.

Ал эми ырчы Анжелика дагы бул саамалыкка кошулуп, бир медициналык жабдык алып берерин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(9)
02.07.2020. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Алаа ыраазы болсун жакшы жанылык ишинерге ийгилик
02.07.2020. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бар болгула жардам колун сунгандар, Аллахым эки дүйнө бактылуулукту ыроолосун силерге!
02.07.2020. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Жараткан Тенирим сиздерге жакшылыктарды буюрсун.
02.07.2020. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аллахым ыраазы болсун, жакындарыңар оору сыркоодон алыс болсун!
02.07.2020. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Рахмат.Элин учун кылган жакшылыгынар Аллахтан кайтсын силерге.Оорубагыла.
02.07.2020. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыйын кырдаалда кээ бир кишилерибиз каникулдап, эс алууга чыкканы жатса бул азаматтар эл камын ойлоп жүрүшөт. Аллахым ыраазы болсун сиздерге!!!
02.07.2020. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыйын болду бизге. Бирок шүгүр менин элим күчтүү,буюрса жеңебиз бул күндөр да өтөт. Болгону сабак алып,оңолобу. Дарыгерлер сиздерге терең ыраазычылык жана дагы ыраазычылык. Кимде ким ушул кырдаалда илдетти алдын алууда,жеңүүдө чара көрүп жатса мен аябай ыраазымын.Ушундай жакшы жаңылык окусам көзүмө жаш тегеренет. Баардыгы айыккан сыңары. Кыргыз элим дуа кылалы.
02.07.2020. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тенирчилер тынбадынар да ушу силер!
02.07.2020. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тенирим элибизге тынчылык берсин. Батабыз кабыл болсун.
Tymar түзөттү 2020-07-02 18:49:40
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: