super.kg logo
  Саясат  

Ноокат районуна КРнын туңгуч Премьер-министри Насирдин Исановдун эстелиги коюлат

 
Ош облусундагы Ноокат районунун Көк-Бел айылында Кыргызстандын биринчи премьер-министри, өлкөнүн көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Насирдин Исановдун эстелиги коюлат. Бул тууралуу ЖКнын төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров маалымдады. Анын айтымында, эстеликтин ачылышы белгилүү мамлекеттик ишмердин үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында өтө турган 70 жылдык мааракесин белгилөөнүн алкагында болот. “Эстеликти жасоого 636 миң сом жумшалат, анын жарымын ЖКнын бир катар депутаттары өз каражаттарынан бөлүүдө. Мындан сырткары 1,4 чакырым келген Ноокат районундагы Көк-Бел айылынын жолу капиталдык ондоодон өтөт. Ноокат районунун музейинде Исановдун өмүр жолу менен ишмердүүлүгүнө арналган өзүнчө зал ачылат”, - деди вице-спикер. Ошондой эле төраганын орун басары 2014-жылы Көк-Бел айылында балдар бакчасын куруу пландаштырылып жаткандыгын кошумчалады. Белгилей кетсек, Насирдин Исанов 1943-жылы 7-ноябрда Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Бел айылында туулган. 1991-жылдын 22-январынан 29-ноябрга чейин КРнын Премьер-министри болуп иштеген. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: