Йемен: 8 жаштагы кыз нике түнүндө каза тапты
Йемен өлкөсүндө 8 жаштагы кыз 40 жаштагы мыйзамдуу жолдошу менен болгон нике түнүндө каза тапты. Чет элдик басылмалардын маалыматы боюнча, кыздын ата-энесине 40 жаштагы киши көп акча сунуштап, алар 8 жаштагы кызын ага аялдыкка берүүгө макул болушуптур. Бирок кыз нике түнү оор жаракаттан улам каза болуп калды. Йемендин айрым бийлик өкүлдөрү 40 жаштагы кишини “адам өлтүрүү” беренеси менен камаш керектигин айтышууда. Бирок бул өлкөдө жаш кыздардын эрте күйөөгө чыгыш жаңылык эмес, бул салтка айланган көрүнүш катары каралат. Ал эми өлкөдөгү “Аялдардын укугун коргоо” уюму кызын эрте күйөөгө узаткан ата-энесин да жазалоо керектигин айтышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
-3

Ал эми тема боюнча, адам эн мыкаачы жандык экенинин эле бир мисалы... аъ-сезимди таза сактаганга Кудай батасын берсин...