super.kg logo

Кыргыз өлкөсү COVID-19 вирусун дарылоо үчүн Авифавир дарысын алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

 

Кыргыз өлкөсү коронавирус инфекциясын дарылоо үчүн Авифавир дарысын алуу маселесин карап жатат. Учурда бул боюнча Орусия тарап менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифингде билдирди.

Айтымында, өткөн аптада Орусиядан келген делегация мүчөлөрү менен Авифавир дарысы боюнча суроо талкууланган. "Биздин медицина илимдеринин кандидаттарынан, докторлорунан, профессорлордон турган эксперттик топ бул маселени карап жатат. Саламаттыкты сактоо министрлиги Орусия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө", - дейт ал.

Авифавир - бул сасык тумоого каршы күрөшүүгө негизделген орусиялык өндүрүш. Бул дарынын курамындагы биологиялык активдүү зат бир катар вирустардын көбөйүшүнө жол бербейт, мындан улам Авифавирди коронавирустун дарысы деп аташат.

Буга чейин Орусиянын түз инвестициялоо фонду жана "ХимРар" компаниясы коронавирустук инфекцияны дарылоого колдонуучу Авифавир препаратын экспорттой баштаганы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
10.07.2020. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Суйлошуулор ийгиликтуу ишке ашып, дары КРга эртерээк келип, ооругандар дааба тапса экен.
10.07.2020. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akmanai,оа да кутулат элек ушул оорудан Кудайым шыпаа берсин ооруп жаткандарга.
10.07.2020. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизге Москвада предлогать этишти. Оздору билип эле назначение кылышкан жок атайын кагаз апкелип макул болсон кол кой дешти. Окусам 20- майда Россиянын минздравы подверждать этиптир. Жакшы жагы 4 кундо вирусту организмден чыгарып салат экен. Жаман жагы побочный эффекттери аябай коп. Карыларга боюнда барларга хронический болезнь барларга печёночной и почечной недостаточностью тоже не рекомендуется!!! Жаш организми кучтуулордо деле кусуп башы тегеренип жана ич оттуу болот. Мен ошого отказ кылдым.
10.07.2020. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Еще остатогу кандан 3 айдан кийин чыгып кетет. Уч ай бойдо болтурбоого аракет жасаш керек. Эгер бойдо болтурганы аракет жасап журсонуз ичууго категорически нельзя!!! Эркектерде да дал ошол бул дарыны ичкен эркек аялынын боюнда болбош учун аракет жасаш керек. Эркек уруктарын уч айга чейин качествосу начарлайт. Кыскасы толтура побочный эффекттери ичерде инструкциясын окуп анан ичкиле. Только больницада эле колдонулат уй шартында колдонулбайт
10.07.2020. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ainura220888,любой даарынын побочные эффекты толтура
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: