super.kg logo

Дүйнө чемпиону берген бет каптар эмне себептен дарыгерлерге таратылган эмес? Оорукананын башкы дарыгери бул окуя боюнча үн катты

 

Грепплинг боюнча дүйнө чемпиону Абдурахманхаджи Муртазалив өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Бишкек шаарынын Фучик көчөсүндөгү ооруканага 550 респиратордук бет кап бергенин, бирок аталган ооруканадагы дарыгерлер мындай бет капты көрбөгөндүгүн айтышкан видеону жүктөгөн.

Мындан улам SUPER.KG порталы аталган оорукананын башкы дарыгери Жусуп Бокошевге байланышып, төмөндөгүдөй жооп алдык.

"Бул Абдурахманхаджи деген жигит бизге бет каптарды ишемби күнү түштөн кийин алып келип берген. Ал күнү дарыкананын башчысы иштебегендиктен, бет каптар менин бөлмөмдө калган жана дүйшөмбү күнү дарыкана башчысы кампасына алып кеткен. Биздин дарыгерлерге респиратордук бет каптар буга чейин берилип калгандыктан, биз ал берген бет каптарды тараткан эмеспиз. Экинчи күнү ал келип эле бизден сурабай, дарыгерлерден сурап видеого тартып, социалдык тармакка таратып жибериптир.

Эми ага чалып, келип көр сен берген бет каптар турат десем менин сөзүмдү жазып, баарын кайра интернетке чыгарып жатат. Мен бүгүн эч нерсеге карабай, убакыт таап анын үстүнөн милицияга арыз жаздым. Себеби оюна койсок, бул бала дагы күчөп баратат. Биз дарыгерлер кыйналып жатсак, дарыгерлерди жаманатты кылып жатат. Кааласаңыз келип көрсөңүз болот. Биз кыйын шартта иштеп жатабыз. Мен өзүм чоң профессор болсом, 500 бет кап үчүн жаманатты болгум келбейт", - деди башкы дарыгер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Комментарийлер(8)
10.07.2020. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ай дарыгерлер уятынар жок селердин, селерди бүгүн көрсөк экен ишенгидей. Только чөнтөкө карап оорулууну кабыл аласынар азыр бир отоло болуп алгандырсынар.
10.07.2020. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Janna07,дарыгердин баары бирдей эмес.
Кыйын күндө болушунча күнү түнү элге жардам берип иштеп жатабыз.
Буйруса бул күн да өтөөр.
Жакшы күндүн баары алдыда.
Эч ким оорубасын.
10.07.2020. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Өзүн пиярлаш үчүн берген турбайбы,бир колуң бергенди экинчи колуң билбесин дейт жакшылык кылсаң сүрө кыл,болбосо кайра алып кет сенден башка кыздарыбыз канча жардам берди врачдарды жаман атты кылбай эле.
Jelezo түзөттү 2020-07-10 21:16:34
10.07.2020. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бут дары дармек оорукананын кампасына же улуу медаймдын болмосундо сакталат. Неге аптекага алып кетишет?? Вот в чем дело
10.07.2020. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
katerina.li,оорукананын кампасын алар аптека дешет экен
10.07.2020. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бокошев аябай чырлуу киши окшойт, бир жумадан бери ушул кишинин айланасынан ар кандай кеп-ушактар кетпей койду.
10.07.2020. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Чон профессор,красный зонага бир басып кирбепсизго э?
11.07.2020. 08:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошол спортсмен силердин денсоолугунарга кам көрүп ооруп калышпасын деп берсе керек эле. Ушундай кырдаалда колдонбогондо качан колдоносунар. Керектүү убакта ошол керектүү буюмдардын жоктугунан дарыгерлер оору жуктуруп алып атышат
Дагы бет тырмачылык кылып сотко бердим дейт го уялбай. Ал силерге жардам берсе ооруп калышпасын деп... Эми ошол үчүн соттолушу керекпи? Кызык...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: