super.kg logo

АКШда жашаган Кыргыз жарандары кычкылтек аппаратына 25 миң доллар чогултушту

 

Бүгүн, 10-июлда Бишкек шаарындагы Спорттук реабилитациялоо борборуна кычкылтек аппараттары жеткирилди. Кычкылтек аппараттары Филадельфиядагы (АКШ) «Kyrgyz Yntymak Fund» кыргыз диаспорасы чогулткан каражаттарга сатып алынган. Жалпысынан болжол менен 25 миң доллар чогултулуп, 24 кычкылтек аппараты алынган. 12 аппарат Балыкчы шаарына, 2 аппарат Талас облусуна жөнөтүлдү жана 10 аппарат Бишкек шаарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Ага ылайык, аппараттарды өткөрүп берүү жүрүшүнө мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев, Спорттук реабилитациялоо борборунун башкы дарыгери Сагындык Айтбаев, аппараттарды сатып алуу жана Кыргыз өлкөсүнө жеткирүүнү уюштурган Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Руслан Маджинов катышты. Ошондой эле аппараттарды сатып алуу жана жеткирүүнү уюштурууга Сүймөнкул Табылды уулу жана Бакыт Шамшиев чоң салымын кошуп кеткенин белгилейбиз.

"Мамлекеттик агенттиктин, жалпы спорт коомчулуктун атынан АКШда жашаган биздин мекендештерибизге, спортчуларга ыраазычылык билдирем. Азыр биздин өлкөбүздө чоң татаалчылык болуп жаткан убакытта алар чогулуп, элибизге, жерибизге аруу ниет менен жардам көрсөтүп жатышат. Ушунун баарын уюштурган Руслан Маджиновго, Сүймөнкул Табылды уулуна жана Бакыт Шамшиевге дагы чоң ыраазычылык билдиребиз. Бул жардамыңыздарды мекендештер унутпайт. Баарыбыз көрүп жаткандай, азыр Айсулуу Тыныбекова, Абдурахман Муртазалиев, Айваз Оморканов, Жоламан Шаршенбеков, Улукбек Жолдошбеков сыяктуу биздин алдыңкы спортчуларыбыз четте калбай, жарандык позициясын көрсөтүп, өз күчү менен уюштуруп жардам көрсөтүп, коронавирус пандемиясы менен күрөшүүгө салымын кошуп жатышат. Силер мындан ары дагы көптөгөн жакшылыктарды жаратасыңар деген үмүттөмүн. Силерге чоң рахмат! Ооругандар эртерээк сакайып кетсин, элибиздин ден соолугу чың болсун!", - деди Арпачиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.07.2020. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Депутатар эч нерсе алгысы келбей отурушат карпайым эл чогултуп алышып атат
11.07.2020. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат, Америкадагы диаспора өкүлдөрүнө! Алыста жашасак да, жүрөк Кыргыз элим деп согот.
Кудай ден соолук берсин, ооругандар айыгып кетсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: