Экс-муфтий Чубак Жалилов 45 жашында пневмониядан каза болду. Ал кечээ ооруканага оор абалда жеткирилген эле
Экс-муфтий, белгилүү дин аалымы Чубак Жалилов пневмониядан улам каза болду. Бул тууралуу анын санаалаштары билдирди.
Кечээ, 10-июлда ал оор абалда Улуттук госпиталга жеткирилгени маалымдалган.
Социалдык тармактагы расмий баракчасына жазылгандай, экс-муфтийдин жаназасы бүгүн, 11-июлда болжол менен саат 16:00-18:00дө Базар-Коргон районуна караштуу Бай-мундуз айылында өтөт.
Дин аалымы соңку ирет 4-июлда оңдоп-түзөөдөн өткөн мечитти обсервация катары пайдаланууга берүүгө даяр экенин айткан эле.
Экс-муфтий 1975-жылы 21-январда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында төрөлгөн.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Чубак Жалиловдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Чубак Жалилов пневмония илдетинен көз жумду

Чубак өлсө эле, Кыргыз эли кошо өлбөйт. Кыргыз элини түндүгү кулады деп өтө эле апыртып салдың.
кандай гана киши эле кудайым берген башкача адам эле. Бул атың очкур оору баарыбызды кырып бүтөт окшойт. Ким билет эртең дагы кимибиз жок болобуз. Шейхтин жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун.
Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун.
Бейиштин төрүнөн орун алсын.