super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнөдө COVID-19 илдетинен каза болгондордун саны 559 миң 481ге жетти

 

Бүгүн, 11-июлга карата дүйнө жүзүндө COVID-19 илдети менен жабыркагандардын саны 12 миллион 461 миң 962ни түздү. Анын ичинен 6 миллион 835 миң 987 бейтап ооруну жеңип чыкты. Тилекке каршы, бул оорудан 559 миң 481 адам каза болду.

АКШда коронавирус менен жабыркагандардын саны 3 миллион 182 миң 385ке жетти. Айыккандар - 983 миң 185, каза болгондор - 134 миң 67.

Ал эми Бразилияда вирус 1 миллион 800 миң 827 адамга жукту. 1 миллион 199 миң 310 бейтабы ооруну жеңсе, 70 миң 398 бейтабы көз жумду.

Индияда 793 миң 802 адам вируска кабылган. 495 миң 516 бейтап оорудан сакайган. Тилекке каршы, 21 миң 604 бейтап кайтыш болду.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: