super.kg logo

Бишкекке Москвадан дарыгер жана медкызматкерлердин экинчи тобу учуп келди

 

“Манас” эл аралык аэропорту бүгүн, 12-июлда «Аэрофлот» авиакомпаниясынын Москва-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Кыргыз өлкөсүнө Орусиядан 426 Кыргыз жараны кайтып келди, алардын арасында балдар да бар.

Алардын арасында Орусиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана балалуу аялдар, ошондой эле мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар, мисалы: оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар кайтып келишти.

Бул каттам менен ошондой эле Орусиядагы мекендештердин арасынан 45 практик дарыгер жана медкызматкер коронавирус инфекциясы жана өпкө сезгениши менен ооруп жаткан бейтаптарды дарылап жаткан кыргыз медкызматкерлерине чын ыкластан жардам берүүгө кошулуу үчүн келишти.

Буга чейин 5-июлда Орусияда иштеген кыргыз дарыгерлери борбор калаадагы кесиптештерине жардам берүү үчүн келгени кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: