super.kg logo

Өкмөт: "Чет өлкөгө дары-дармектердин сатылып жаткандыгы тууралуу таркатылып жаткан маалымат калп"

 

Социалдык тармактарда чет өлкөгө дары-дармектердин, жеке коргонуучу каражаттардын сатылып жаткандыгы тууралуу таркатылып жаткан маалымат чындыкка жатпайт. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Өкмөттүн 2020-жылдын 3-февралындагы токтому аркылуу Кыргыз Республикасынан дары-дармектерди жана медициналык каражаттарды чыгарууга убактылуу тыюу салынган.

Тиркемеге ылайык, алардын катарында ацетилсалицил кислотасы, парацетамол, ибупрофен, азитромицин амоксициллин-клавулан кислотасы, моксифлоксацин, имипенем, клиндамицин, рокситромицин, цефазолин, цефепим, цефотаксим, цефтриаксон, цефтриаксон+сульбактам, цефтриаксон+тазобактам, цефуроксим, левофлоксацин, дофамин, фуросемид, норэпинефрин, эпинефрин, натрий хлориди, фамотидин же иньекция түрүндөгү омепразол, Рингер эритмеси, шприцтер, медициналык маскалар, суюктуктарды куюу үчүн жабдуулар сыяктуу дары-дармектер жана медициналык каражаттар бар. Ошондой эле өлкөдөн механикалык деталдары жана алмаштыруучу фильтрлерсиз, респиратордук маскалардан, коргоочу медициналык көз айнектерден тышкары, хирургиялык операцияларды жүргүзүүдө медициналык персоналдар жана бейтаптар колдонуучу бир жолку халаттарды, коргоочу костюмдарды, же медициналык халаттарды, медициналык максаттарда вирустук оорулардан коргоочу биологиялык коргоочу костюмдарды, дем алуу жабдууларын жана газ маскаларын чыгарууга тыюу салынган.

Мында ушул жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынан Кытайга коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүүнү колдоого алуу үчүн бир жолу гуманитардык жүк жөнөтүлгөн. Жүк кытай тараптын суроосуна жараша түзүлгөн (антисептикалык жана дезинфекциялык каражаттар, жеке коргонуучу медициналык каражаттар).

Өлкөдө бүгүнкү күндө орун алып жаткан эпидемиологиялык абалда чет өлкөгө дары-дармек сатуу тууралуу чындыкка жатпаган маалыматты жайылтуу жоопкерчиликсиз деп эсептейбиз. Мындай маалыматты шайлоо алдындагы компания менен алектенип жаткан белгилүү саясатчылар таркатып жаткандыгы өкүнүчтүү деп билдиришет өкмөттөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
12.07.2020. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Калп деп эле отура бербей кармап жазасын бербейсинерби калп болсо
12.07.2020. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Калп деп эле калп айтып отура бергенден тажабадыңарбы ыя.
13.07.2020. 07:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Калп, чындыкка дал келбейт деп актантып эле койсо буларды.. Көзүң менен көрүп турган нерсени деле ошентип тана беришет го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: