super.kg logo

Владимир Путин Орусияда коронавирустан каза болгондордун саны башка өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн экенин айтты

 

Орусияда башка өлкөлөргө салыштырмалуу коронавирустан каза болгондордун саны төмөн. Бул тууралуу Орусия президенти Владимир Путин стратегиялык өнүгүү жана улуттук долбоорлор боюнча жыйында айтты.

"Биздин коронавируска каршы күрөшүүдөгү ишибиздин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүнүн бири бул өлүмгө байланыштуу. Бизде абал азыркы учурда жаман эмес. Орусияда 100 миң кишиге коронавирус инфекциясынан өлүмдүн деңгээли башка өлкөлөргө караганда, ошол эле саламаттыкты сактоо системи өнүккөн Европа өлкөлөрүн кошкондо төмөн", - деген ал.

Президенттин айтымында, азыркы күндө Орусияда күн сайын 300 миңден ашуун коронавирустук тесттер өткөрүлүп, 11-июлга карата 170 миң 377 атайын керебеттер жайгаштырылды.

Ал белгилегендей, өлкөдө күн сайын оору аныкталган адамдардын саны туруктуу бойдон калууда жана айыккандардын саны өсүүдө.

Орусияда жалпы 732 миң 547 адамдан коронавирус аныкталса, анын 11 миң 422си каза болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.07.2020. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бир нече эсе дегенди кандай тушунсо болот..
14.07.2020. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
o.aza,мисалы 5 цифрасынын бир нече эсеси 10,15, 20,25,30 ошондой
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: