"Чачтарым түшүп баштады". Залалдуу шишик дарты менен күрөшүп жаткан кылкыякчы, ырчы Гүлнара Сыдыкбекова абалы тууралуу айтты



Ырчы, кылкыякчы Гүлнара Сыдыкбекова дээрлик 10 жылдан бери залалдуу шишик дарты менен жабыркап келет. Ага тез аранын ичинде операция жасатуу зарылчылыгы жаралганы буга чейин маалымдалган.
Учурда Гүлнара Сыдыкбековага операция жасала элек. Бүгүнкү күндө анын абалында өзгөрүүлөр болуп чачы күбүлүп түшүп баштады. Бул тууралуу ырчы менен байланышканыбызда маалым болду.
"Операцияга чейин химиятерапия алмакмын. Биринчи химиялык терапиядан кийин анализ тапшырсам, жыйынтыгы начар чыгып калды. Мындан улам ийне сайдырып, күнүнө 7 түрлүү дары ичип жатам. Дарылануу курсу аяктаса, жыйынтыгы жакшы деп чыкса экинчи химиятерапияны алам.
Операция азырынча жасалбайт экен, анткени эмчегимдин 4-5 жеринде ачык жара бар. Жара бүтмөйүн бычак тийгизгенге болбойт дешти.
Бир күн мурда чачтарым күбүлүп түшүп баштаганынан алдыртып салдым", - дейт ал.

Манас эпосун окуп чыккансыңбы?
Бутун сууга салды дейт
Бут дааратын алды дейт
Колун сууга салды дейт
Кол дааратын алды дейт деген ыр саптары бар Манаста. Ошол намаз окуп жатканда Коңурбай найза менен сайып кеткен. Деги сен кандай кыргызсың? Өзүңдү түшүндүрүп берчи