super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар зордуктоо тууралуу маалыматты сот чечим чыгарган соң ИИМ ММКларга бериши керектигин айтышты

 

“Акыркы 1-1,5 жылда биздин коомду балээ баскандай болуп жатат. Зордуктоо тууралуу маалыматтар көп чыгууда”, -деди депутат Исхак Пирматов бүгүн, 12-сентябрда ЖКнын жыйынында. Айтымында,  ИИМ зордуктоо тууралуу маалыматты тергөө бүтүп, сот кылмышкердин күнөөлүүлүгүн далилдегенде гана ММКларга бериши керек. “Бардык арыз жазгандар чындык эмес да. Ушул маалыматтар менен Кыргызстандын имиджи көрүнүп жатпайбы. Кыргызстан деген сөздү тергенде Кыргызстанда болуп жаткан жаңылыктар чыгат да. ИИМ бир аял зордуктоо арызы менен 8 жолу укук коргоо органдарына кайрылгандыгын айтып жатат. Ушундай терс маалыматтарды окуган башка өлкөдөгүлөр Кыргызстан тууралуу кандай ойдо калып жатат?”- деди эл өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: