Турсунбай Бакир уулу: "Хиджаб кийген окуучуларга кысым болбошу керек"
Билим берүү жана илим министри
Канат Садыковдун ишине нааразы экендигин бүгүн, 12-сентябрда депутат Турсунбай
Бакир уулу айтты. “Канат Садыков балким Роза Исаковнадан калган жакшы мурастыр,
бирок иштей албаса жумуштан кетиши керек да”,- деди эл өкүлү. Ошондой эле ал
мектептерде ыйман сабагы эмнеге киргизилбей жаткандыгына кызыкты. “Балдардын арасында кылмыштуулук күч алды. Ыйман сабагы мектеп
программасына качан кирет? №33-мектепте жоолук салынгандарды директору кыйнап
жатыптыр. Кыска көйнөк кийген кыз хиджабчан окуучудан жакшы окуйбу? Бул адамдын
кийиминен эмес да. Жоолук салынгандарды кысымга албоо керек. Билим берүү жана
илим министрлиги мектеп окуучуларына жоолук салынууга уруксат бербеди беле,
ушуну мектептерге кайрадан эскертип койсо жакшы болот эле”,- деди Бакир уулу.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:55
2025-07-10

Рейтинг:
-1

