Кыргызстандын түрмөлөрүндө учурда 17 миңдей адам бар
"Кыргызстандагы түрмөлөрдө учурда 17 миңдей адам отурат",- деп билдирди Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиев ЖКнын 12-сентябрдагы жыйынында. Эл аралык талаптарга ылайык, биздин өлкөдөгү абактарга 17 миң эмес 8 миңдей гана жаран кармалууга тийиш экен. "Түрмөлөрдө отургандардын саны учурда лимиттен ашыкча. Бир орунга экиден адам жаткан учурлар болууда",- деди ЖАМКнын башчысы. Түрмөдөгүлөрдүн 90 пайызы иш менен камсыздалбаганын кошумчалады ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:55
2025-07-10

Рейтинг:
0

