super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев: "Жаңы мыйзам долбоору кабыл алынса, лицензиялардын түрү 5 эсеге кыскарат

 

Бүгүн, 12-сентябрда ЖКнын жыйынында экономика министри Темир Сариев КРнын лицензиялык уруксат берүү системи тууралуу мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүүнүн негизги артыкчылыгы лицензиялык процесстин ачыктыгы экендигин билдирди. Айтымында, мыйзам кабыл алынса лицензиялардын түрү 5 эсеге кыскарат. “Мурда 518 болуп, кийин 236га кыскартылган. Мыйзам кабыл алынса 98 лицензия түрү калат. Аларда айлана-чөйрөгө, адам ден соолугуна зыян келтире турган ишмердүүлүктү лицензиялоо каралган. Башка ченемдүү укуктук актылар менен бекитилген ченемдик актылар жараксыз деп эсептелет. Жаңы лицензияны мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен гана киргизе алат. Мыйзам долбоордо шарттар так белгиленген. Бизнеске болгон мамлекеттик кийлигишүү азаят.  Коррупциялык механизмдер жоюлуп, ишкерлерге ыңгайлуу шарттар түзүлмөк”,- деди министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: