Ырчы Малик Аликеевге операция жасалды




Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып жаткан ырчы Малик Аликеевге операция жасалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Малик агабыздын абалы эки жолку операциядан кийин жакшы. Жакынкы арада ооруканадан чыкканы турат. Колдоосун көрсөткөн бардык тараптарга ыраазычылык билдиребиз, өзгөчө операция жасаган Сабырбек Жумабеков агабызга. Жакында арабызда болуп, чыгармалары менен элди кубантат деген үмүттөбүз", - деп жазды министр.
Малик Аликеев кокустап, жамбаш сөөгүн сындырып алып, жарым жылдан бери төшөктө жатканы кабарланган. Ага операция жасатуу керек экенин ырчынын продюссери Чынара Итигулова билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Миндеген бейтаптарды айыктырып,бастырган адам.
Малик ага эртерээк айыгып,элдин арасында журо бериниз.
Жакшы тарыхта,алтын фонддо кала турган чыгарма чыгарыныз.