super.kg logo

Өкмөт өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат, кычкылтек концентраторлору жетиштүү экенин билдирди

 

Буга чейин өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка жана кычкылтек концентраторлоруна муктаждык бар экенин Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдаган. Азыркы күндө аталган жабдыктар боюнча көйгөй жок дейт өкмөт башчы Кубатбек Боронов.

"Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген билдирүүсүндө республика боюнча 2 миң 250 даана кычкылтек концентратору керек деп айтылган. Бүгүнкү күндө мамлекеттик деңгээлдеги медицина мекемелеринде иштетилип жаткан кычкылтек концентраторлору 3 миң 41ди түзөт. Ал эми өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттан 220 даана керектелери айтылган. Учурда 176 аппарат ар кайсы булактардан келип түштү.

Бизде кычкылтек концентраторлоруна жана өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарга болгон көйгөй жок, бардыгы жетиштүү. Ар бир айылдын ФАПтарына кычкылтек концентраторлорун коёлу деп пландап жатабыз. Практика көрсөткөндөй, бизде өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат эмес кычкылтек концентраторлору көп иштетилет экен”, - дейт Кубатбек Боронов.

Анын айтымында, жакынкы күндөрү Кытайдан бардыгы болуп дагы 500 кычкылтек концентратору келет. Буга чейин Кытайдан 1500 даана кычкылтек концентратору алып келинген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
21.07.2020. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Конечно,чуркап журуп толуктап коюшту ЭЛ!
21.07.2020. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайсы куну, кайсы жактан алып келген концентраторду айтып толук деп дооруп жатат мына. Бийлик, бийлик деп асылгым келбейт эле, ак уйду жаап салса деле Кыргызстанда эч озгоруу болбочудай. Элдер озун озу эптеп тирилиги ото берет турбайбы ак уйдун жарым тыйынчалык жардамысыз эле..
21.07.2020. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элдин чогултуп алган жабдууларын да окмот алгансып мактанып суйлоп коюптур го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: