super.kg logo

Бишкектеги Перинаталдык борбордо бүгүнкү күнгө чейин COVID-19 илдетине шектелген 6 энеге кызмат көрсөтүлгөн

 

Өлкөдө карантин шартында төрөт азайган жок. Бул тууралуу Бишкек шаардык Перинаталдык борбордун башкы дарыгери Жамиля Марипова билдирген.

Аталган борбор Октябрь районунун аймагында жашаган жана жарым-жартылай аймактык №2 клиникалык төрөт үйү тарабынан тейленүүчү кош бойлуу жана төрөгөн айымдарга кызмат көрсөтүү боюнча ишин мурдагы тартипте улантууда. Себеби №2 клиникалык төрөт үйү COVID-19 илдетине шектелген же оору тастыкталган кош бойлуу аялдарды тейлөө үчүн атайын адистештирилген мекеме катары уюштурулган.

Перинаталдык борбордо бейтаптарды бөлүштүрүү пункту уюштурулган. Ал жерде борборго келген кош бойлуу айымдарды алгачкы медициналык кароодон өткөрүп, абалына байкоо жүргүзүлөт да, андан соң төрөт бөлүмдөрүнө жайгаштырылат. Бүгүнкү күндө COVID-19 илдетинин белгилери байкалган 53 кош бойлуу бейтап №2 клиникалык төрөт үйүнө жиберилген.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, зарыл болгон учурда COVID-19 илдетин жуктурган кош бойлуу аялдарга ыкчам жардам көрсөтүү үчүн ар бир төрөт үйүндө обсервациялык изолятор бөлмөлөрү даярдалган. Бишкек шаардык Перинаталдык борбордун базасында COVID-19 илдетине шектелген кош бойлууларга тезинен жардам көрсөтүү үчүн 5 орун камдалган. Бүгүнкү күнгө чейин коронавируска шектелген 6 энеге кызмат көрсөтүлгөн, илдет лаборатордук тастыкталгандар №2 клиникалык төрөт үйүнө которулушкан.

“Эгер имаратка жаткырылган кош бойлуулардан COVID-19 илдетинин белгилери байкалса, алар үчүн өзүнчө төрөт бөлмөсү уюштурулган. Мында бардык шарттар каралган. Тагыраак айтканда, бейтапка алгачкы медициналык жардам көрсөтүлөт, ошол эле жерде көз жарышат”, - дейт башкы дарыгер Жамиля Марипова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: